• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарба министри Таластагы төө бурчакты кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Таласта төө бурчакты кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-декабрда министр Эркинбек Чодуев Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барган.

Министр Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышып, андан кийин төө бурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Заводдун директору Миргазы Оморов учурда дыйкандардан алынган төө бурчакты сорттоп, чет өлкөгө экспорт кылып жатканын айтты.

Оморов бир гана төө бурчакты экспорттоо менен чектелбестен, органикалык жер семирткичтерди чыгарып жатканын билдирди.

“Биздин ишкана органикалык жер семирткичтерди 3 жылдан бери сынап келебиз. Өзүбүз чыгарган органикалык жер семирткичти колдонуп, быйыл 1 гектар жерден 40 тонна алма алдым. Буюрса, жер семирткичтерибизди да акырындык менен сатыкка чыгарабыз”, - деди ал.

Министр учурда органикалык жер семирткичтер абдан маанилүү экендигин айтып, ишкердин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий