• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министри ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.11.19./Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда КР Айыл чарба тамак–аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркин Чодуев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кооперативтерди түзүүнү өнүктүрүү, аймактагы дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, түркиянын ирилештирүү ыкмасын колдонууну талкуулашты.

"Министр Кыргызстанда кооперативтерге, логистикалык борборлорго салыктан мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралып салыктын баасын төмөндөткөнүн айтты. Ошондой эле, Кыргызстанда кооперативдерди көбөйтүү керектигин, ар бир айыл өкмөттөн экиден адисти даярдоо зарылдыгын билдирди. Бул окутууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да өзгөчө көңүл буруп, жардам көрсөтүү керек”, - деп билдирген талкуу учурунда министр.

Али Муслу Кыргызстандын дыйкандарына туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө окутууга жардам берерин билдирип, Түркиянын кооператив түзүү ыкмасын колдонууну сунуштады. Ирилештирүү ыкмасы менен айыл чарбасын өнүктүрүү абдан натыйжалуу болорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий