• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министри Ысык-Көлдөгү сазан жана карп инкубациясынын жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Тоң мамлекеттик балык заводунда болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр заводдун аймагын карап чыгып, иштин жүрүшү жана учурдагы абалы, ишкананын бүгүнкү көйгөйлөрү менен таанышты.

Заводдун башчысы балык чарбаларын абалын жакшыртуу максатында окуу борболорун түзүү сунушун айтты.

Министр балык чарбасынын директоруна жана балык өстүргөн фермерлерге Россия, Украина жана Беларуссиянын университеттеринде окутуу программалары жөнүндө маалымат берди.

"Тоң мамлекеттик балык заводу 1965-жылы курулган. Азыркы учурда форель, сига лудога жана сазан, карп балыктары өстүрүлөт. Жылына 200-250 миң форель жана 6-7 млн сига лудога балыгынын малектору өстүрүлүп, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнө кое берилет. Бүгүнкү күнгө чейин бул балыктардын 10 миллиондон ашык жумурткасы инкубацияга жумшалды. Чабактар Ысык-Көлдө жана Тоң балык заводу мамлекеттик ишканасынын куурма бассейндерине отургузулат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий