• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарба министри: Жазгы талаа жумуштары эрте башталды

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл жазгы талаа жумуштары 20 күнгө эрте башталды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөнүн түштүгүндө 20-25-февралда эле жазгы талаа жумуштары башталган.

"Бүгүнкү күндө минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери убагында жүргүзүлүүдө. Ал эми 614 миң гектар жерде айдоо иштери жүргүзүлүшү керек. Бул багыттагы иштер Кыргызстандын түштүк аймагында 20 пайызга алдыда кетүүдө. Дыйкандар кылкандуу дан эгиндери менен дээрлик толук камсыз болду", - дейт министр.

Ал кошумчалагандай, күйүүчү-майлоочу майды сатуу рыногунда бир топ өзгөрүүлөр бар. "Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчилиги күйүүчү-майдын көлөмү боюнча көп көйгөйлөр жаралбайт деп ишендирүүдө", - деп кошумчалады Жаныбеков.

Пикир

Оставить комментарий