• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айыл чарба министринин биринчи орун басарына сөгүш жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеровго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечим КР министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Чечим айыл чарба министринин биринчи орун басарынын ушул жылы 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь) өткөн Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына даярданбай барганына байланыштуу кабыл алынган.

"Иш сапары менен чет өлкөгө барган ар бир мамлекеттик органдын кызматкери 100%га даяр болуп барыш керек. Мамлекеттик негизги органдардын биринде жогорку кызматта туруп, даярданбай баруу кечирилгис. Кийинки жолу мен мындай жетекчилерди ошол жерден кызматтан алуу көрсөтмөсүн берем" , - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий