• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукциясына фитосанитардык көзөмөл жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин кызматкерлери 10-16-декабрда экспорттоого арналган 10 миң 828 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл өткөн жумага салыштырмалуу айыл чарба продукциясы 4 миң 393 тоннага көп экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды.

Пикир

Оставить комментарий