• 82.83
  • 84.83
  • 1.35

Айыл чарба министрлиги ата мекендик дыйкандардан 15 миң тонна буудай сатып алат

672 кароо Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги ички өндүрүүчүлөргө түрткү берүүнүн алкагында 15 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, дан мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жөнөтүлөт.

“Азыркы учурда жалпы пландалган көлөмдүн 60%ы сатылып алынды”, - деди ал.

Белгилүү болгондой, бул акция КР министрлер кабинетинин квотасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий