• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги Бишкек жана анын айланасына суу берүүнү чектөөнүн себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги Бишкекке жана шаар айланасына сугат жана ичүүчү суунун берилишин чектөөнүн себебин түшүндүрдү. Бул Аламүдүн дарыясына суунун агып келиши менен байланыштуу болууда.

Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, Аламүдүн дарыясы Арашан, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Лебединовка, Көк-Жар айыл өкмөттөрү жана Бишкек шаары үчүн сугат жана ичүүчү суунун маанилүү булагы болуп саналат. Ал жалпы 7690 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат.

Аталган аянтты сугат суу менен толук кандуу камсыз кылуу үчүн суу Аламүдүн дарыясында секундасына 5-7 куб метр болушу зарыл. Апрель-май айларында түнкүсүн абанын температурасы төмөн болгондугуна байланыштуу Аламүдүн дарыясындагы суунун агымы нормадан үч-төрт эсе аз болуп, сугат суу менен толук камсыз кылууга мүмкүн болгон жок.

Сууну кезектешип берүү киргизилген, башкача айтканда сугат суу фермерлерге кезек менен, ар бир айыл өкмөтүнө эки күндөн берилип турган. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн дыйкандары да сууну түзүлгөн кезекке жараша алып турушкан.

Акыркы эки-үч күндө түнкүсүн температуранын жогорулашына байланыштуу Аламүдүн дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү, бирок бул сугат сууну үзгүлтүксүз берүүгө дагы деле жетишсиз болгондуктан, сууну кезектешип берүү тартиби азырынча сакталат.

Министрликтен белгилешкендей, түнкү температура күн сайын жогорулоода жана Аламүдүн дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн шартта көйгөй чечилип, дыйкандар сууну толук көлөмдө жана үзгүлтүксүз алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы ичүүчү суунун жетишсиздигине байланыштуу шаар аймагындагы мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабыларын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий