• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 08.01.21./Кабар/. Жарандардын өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантат.

2021-жылдагы биринчи жарманке 9-январда Бишкектеги Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Жарандарды колдоо максатында бааларды дүң баада сатуу жарманкенин маанилүү критерийи болуп саналат. Иш-чарага 40 компаниянын катышуусу пландалууда.

“Буга чейинки жарманкелерде тургундардан жакшы жооп алып, кыргызстандыктардын арасында суроо-талапка ээ болду. Эң башкысы ата мекендик дыйкандарыбыз ыраазы болуп, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан, биз бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарын камтып, бардык жерде улантабыз жана киргизебиз ”, - деди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.

Жарманке 9-январь күнү саат 10: 00дө башталып, төмөнкү продукциялардын түрлөрү коюлат:

• Эт азыктары
• Күнкарама майы
• Жумуртка
• Балык
• ун
• Күрүч
• Сүт азыктары
• Колбаса
• Жашылчалар
• мөмө жемиштер
• кургатылган жемиштер
• Суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060

Пикир

Оставить комментарий