• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги: Быйыл эт көп өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл эт көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-августуна карата отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 215,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2 миң 608 тонна, же 1,2 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү көбөйгөн.

Эт өндүрүү республиканын бардык облустарында мал базарлар жана эт сатылган дүкөндөрдүн ачылышы менен өз калыбына келүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад (102,3 пайызга), Ысык-Көл (101,8 пайызга) жана Чүй (101,2 пайызга) облустарынын чарбаларында эт өндүрүү өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу көбүрөөк болду.

Пикир

Оставить комментарий