• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги: Быйыл жер семирткичтердин 113 үлгүсүнө лаборатордук сыноо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-кварталында жер семирткич жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын 113 үлгүсүнө лаборатордук сыноо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен билдиришти.

Лабораториянын негизги милдети – сапаты төмөн каражаттардын өлкөгө киргизилишинин жана пайдаланылышынын алдын алуу, айлана чөйрөгө жана калктын саламаттыгын сактоо үчүн өлкөгө алынып келген органикалык, минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын аныктоо.

“Жылдан жылга айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн сапаттуу түшүм алуу максатында топурактын жана жер семирткич жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын текшерип алып, колдонуусу көбөйүүдө. 2021-жылдын 1-кварталында баардыгы 80 үлгүгө лаборатордук сыноо жүргүзүлсө, 2022-жылдын 1-кварталында 113 үлгүгө лаборатордук сыноо жүргүзүлүп, былтыркыга салыштырмалуу 33 үлгүгө көп жүргүзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болушу үчүн өз убагында сапаттуу жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын оптималдуу нормасын колдонуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий