• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл чарба министрлиги үч негизги багытта иш алып барат – Токтогазиев

Коом 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги үч негизги багытта иш алып барат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, биринчи багыт – консолидация. Ал чакан товарлардын көйгөйлөрүн чечүүгө, кооперативдерди жана ассоциацияларды өнүктүрүүгө багытталган.

"Мисалы сүт багытындагы кооператив түзүлүп, мал чарбачылыгы боюнча ассоциация түзүү иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Токтогазиев белгилегендей, экинчи багыт – министрликтин ишин санариптештирүү.

"Кагаз үчүн ашыкча чыгымдар болбошу үчүн электрондук документ жүгүртүүнүн аягына чыктык. Ошондой эле кызматтарды онлайн режиминде көрсөтүү иштери жүрүп жатат. Биз көптөгөн кызматтарды онлайн форматта жеткиликтүү кылуу үчүн иштеп жатабыз", - деп кошумчалады ал.

Ал эми үчүнчү багыт – кайра иштетүү өнөр жайын куруу.

Пикир

Оставить комментарий