• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды экспортко багытталган азыктарды өндүрүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дыйкандарды экспортко багытталган азыктарды өндүрүүгө чакырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ведомствонун статс – катчысы Максатбек Ташболотов кабарлады.

Анын айтуусунда, кыргыз азыктарынын 11 түрү экспортко багытталган. Алар: сүт, эт азыктары, алча, кургатылган мөмө-жемиштер, капуста, бал, дан азыктары жана пахта.

“Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө дем берүү максатында жеңилдетилген насыялар экспортко багытталган азыктар үчүн жылына 6% менен, ал эми экспортко багытталбаган азыктар үчүн 10% менен берилет. Биздин азыктар экологиялык жактан таза, даамдуу жана сертификаты бар экендигин белгилей кетким келет”, - дейт Ташболотов.

Ошондой эле ал белгилегендей, эл аралык рынокто европалык өлкөлөр да Кыргызстандын өнөктөштөрү болуп саналат. “Алар Талас буурчагын жакшы алышат. Былтыр Россия бизден 10 миң тонна буурчак алган. Ал эми быйыл 5 миң тонна буурчакка буйрук берген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий