• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга 10 миңден ашык жеңилдетилген насыя берди

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги республиканын айыл чарба өндүрүшчүлөрүн каржылык колдоонун алкагында “Айыл чарбасын колдоо – 9” программасы боюнча 2021-жылдын сентябрына карата 10 миң 142 жеңилдетилген насыя берген.

Ведомстводон билдиргендей, “Айыл банк”, РСК-Банк жана башка коммерциялык банктар аркылуу 5 млрд 488 млн 300 миң сом насыялар берилген.

- Өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 927,7 млн сомго 2 миң 473 жеңилдетилген насыя;

- Мал чарбачылыкка – 3 млрд 35 млн 60 миң сомго 7 миң 401 насыя;

- Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө – 1 млрд 525 млн сомго 268 жаңилдетилген насыя берген.

Пикир

Оставить комментарий