• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги быйылкы эксплуатациялык иштердин аткарылышы боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-декабрына карата эксплуатациялык иш-чаралардын аткарылышы 731,1 млн сомго жүргүзүлгөн, анын ичинде мамлекеттик объектилерде оңдоп-түзөө иштери 144,5 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул каражатка 439,0 км узундуктагы каналдарда оңдоо жана механизациялык тазалоо иштери жүргүзүлүп, 620 гидротехникалык курулмалар, 540 суу өлчөөчү посттор, 101 насостук станциялар оңдолгон.

"Өлкөдө мелиоративдик абалды жакшыртуу максатында 2022-жылы 18 522,5 миң сомго оңдоп-түзөө иштерин аткаруу мерчемделүүдө жыйынтыгында 1574 га айдоо аянттын мелиоративдик абалы жакшыртылат", - деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 22-декабрына карата 55,1 км коллектардык-дренаждык түйүнүндө механизациялык жол менен тазалоо жана оӊдоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1 102 га айдоо аянттын мелиоративдик абалы жакшыртылган.

Белгиленгендей, 2021-жылдын апрель-июль айларында узакка созулган нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроолорго учураган. Үстүбүздөгү жылы республика боюнча 34 мамлекеттик ирригациялык объектиде сел-кыяндан улам кыйроолор болуп, 25,0 млн сомдук зыян алып келди. Бирок, биринчи кезектеги калыбына келтирүү жумуштары аткарылып, суугат суу убагында берилди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2022-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 345,5 км чарба аралык каналдарды оңдоо, 404,8 км чарбалар аралык каналдарды механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазалоо, 1092 даана гидротехникалык курулмаларды, 1046 даана суу өлчөөчү постторду, 106 даана насостук станцияларды, 18 даана скважиналарды оңдоо каралды.

Пикир

Оставить комментарий