• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги экспорттолуучу продукцияларды текшерди

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында бир жума ичинде текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-декабрдан 16-декабрга чейин экспорттолуучу 5325,76 тонна ата мекендик айыл чарба продукциялары текшерүүдөн өттү. Товарларды ташып чыгуу жана кирүүдө продукциялардан үлгүлөрдү алуу, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери да текшерилди.

Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо, маркалоо эрежелерин, коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий