• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги фермерлерге "Дыйкан дос" телеграмма ботун тартуулады

Коом 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде жаңы санарип куралынын - телеграмма боттун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чат-бот дыйкандарга маалымат берүү жана мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жана күбөлүк жөнүндө ыкчам маалымат берүү үчүн түзүлгөн.

Жалпы платформа суроолорго жооп алуу, продукцияны сатууга жардам берүү жана аналитикалык маалыматтарды жана билим берүү шаймандарын алуу үчүн чыныгы дыйкандын жардамчы досу болот.

«Бул телеграмма бот министрлик тарабынан артыкчылыктуу айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында түзүлгөн. Биз аны бардык жерлерде фермерлер, өнөктөштөр менен иштешүүдө жана министрликтин өзүндө ишке ашырабыз. Маалыматтарды жиберүү жана чогултуу башкаруу чечимдерин кабыл алуунун негизги учурлары болуп саналат. Андыктан мындай сайттар маалыматтык мүнөзгө эле эмес, ошондой эле практикалык да мааниге ээ. Мисалы, биз ГИС технологияларын киргизип аны пайдаланып, жайыттарыбыздын абалын аныктоо үчүн колдонууну пландап жатабыз. Учурда жасалма интеллект ушунчалык деңгээлге жеттип, маалыматтардын жардамы менен эмне өсүп жатканын, кандай абалда экендигин жана анын себептерин түшүнүүгө болот. Негизги милдет - объективдүү маалыматтарды алуу жана аларга ылайык чечимдерди кабыл алуу», - деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

«Дыйкан дос» chatbotту колдонуу үчүн ага Telegram мессенджерине жазылуу жетиштүү, ал шилтеме аркылуу баарына жеткиликтүү болот.

Жаңы курал популярдуу кызматтар жөнүндө заманбап маалыматтарды камтыйт. Дыйкандар мамлекетке кайрылышат жана көйгөйлүү маселелер боюнча жарандардын пикирлерин камтыйт.

Дыйкан дос камтыган негизги маселелер:

1) Мыйзам долбоорлору, актылар, документтердин шаблондору, министрликтин жаңылыктары жана отчеттору.

2) Мал чарбасына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө тез жетүү ресурстары.

Жакында төмөнкүлөр болот: сертификацияланган ветеринардык дары-дармектердин реестри, жаныбарларды жасалма жол менен уруктандыруучу пункттардын реестри, тыюу салынган пестициддердин тизмеси, айыл чарба шаймандарын берүүчүлөрдүн реестри.

3) Маанилүү агроөнөр жай объектилеринин жайгашкан жерин, түшүм статистикасын көрсөткөн айыл чарба карталары

4) үрөндөрдүн, суунун жана жер семирткичтердин көлөмүн эсептөө үчүн онлайн-калькулятор

5) Билим берүү каражаттарынын тизмеси, билим берүү каналдарына шилтемелер

6) Онлайн сатуу платформаларына шилтемелер

7) Кыргызстандын айыл чарба бирикмелеринин топторуна телеграммалардын жеткиликтүүлүгү

Ботту баштоодон мурун фермерлерди сегментациялоонун аркасында министрлик төмөнкү багыттар боюнча дыйкандардын бирдиктүү базасын түзө алат:

«Боттун ыңгайлуу функциялары бизге маалымат чогултууга жана аны таратууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, дыйкан жүгөрү өстүрсө жана ал каттоодон өтүп жатканда бул жөнүндө көрсөткөн болсо, анда министрлик дыйканга анын продуктусуна чоң заказ чыкканда түздөн-түз кайрыла алат. Же болбосо, белгилүү бир аймакта айыл чарба шаймандары жетишсиз болсо, анда бот маалыматтарды почта тизмеси аркылуу чогултуп, керектүү аймакка тарата алат», - деп бөлүштү чатботтун негизги иштеп чыгуучусу, «Айылмаалымат» мамлекеттик ишкананын директору Семетей Турусбеков.

Пикир

Оставить комментарий