• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги: Казакстандын кыргыз картошкасын киргизүүгө тыюу салышы негизсиз

Коом 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Казакстандын Кыргызстанда өндүрүлгөн жер-жемиштерди киргизүүгө тыюу салышы негизсиз. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан 2019-жылдын 19-февралдан Кыргызстан (картошка, алма, курма) менен Өзбекстандан (анар) келген продукцияларды алып кирүүгө тыюу салып, убактылуу чектөө киргизген.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, аларга чектөө киргизүү боюнча билдирүү 21-февралда - эки күн өткөндөн кийин келгин. Бирок, алардын билдиргени боюнча, талапка ылайык убактылуу чектөө чечими кабыл алынгандан бир жумуш күнү өтпөй билдирүү жиберилиши керек эле.

Министрлик, 19-февралдан тарта чектөө киргизүү боюнча расмий маалымат казакстандык массалык маалымат каражаттарынын өзүндө 20-февралда чыкканын белгилейт.

"Казакстан тарап киргизген чектөөнүн чыныгы себебин негизсиз деп эсептейбиз. Анткени, аталган чаралар бүтүн республиканы камтыбашы керек. Фитосанитардык чаралардын эл аралык стандартына ылайык, көз карандысыз эксперттер аркылуу карантиндик зыянкечтерди идентификациялоо боюнча лабораториялык корутундуну тастыктоо боюнча талап жөнөтөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий