• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттады

Коом 0

Бишкек, 17.04.21 /Кабар/. КР Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. “Арашан” эт, май багытындагы породасын чыгарууда фермерлер 1977-жылы гиссар породасындагы кочкорду Тажикстандан алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын өзүн-өзү менен көбөйтүлгөн түрү натыйжалуу талапка дал келет.

Кыргыз эт май багытындагы “Арашан” породасынын эт, майынын сапаты эң мыкты жана куйругу чоң көлөмдүү, бат чоңоюуга жана өсүүгө ылайыкташкан. Бийик тоолордо жана өрөөндүү талааларда багууга ыңгайландырылган.

Кыргыз эт, май багытындагы “Арашан” породасынын көлөмү чоң, денесинин түзүлүшү тыгыз жана сырткы келбети көрүнүктүү, сөөктөрү жеңил жана катуу. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. 7-8 айлык козуларынын тирүү салмагы 48-61 кг, бир жылдыгы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 кг чейин жетет.

Республика боюнча кыргыз эт, май багытындагы “Арашан” породадагы койлордун жалпы саны 5 миң 800дөн ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 АКШ доллар, ал эми койлору 5000 АКШ доллардан жогору.

Бул “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермер жана илимий адистер активдүү катышып, авторлукту алды.

Пикир

Оставить комментарий