• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги кытайлык “Хэнан Гуйю” корпорациясы менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Кечээ, 5-апрелде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу “Хэнан Гуйю” корпорациясынын директору Чжан Шивэйдин менен жолукту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда шарп оорусуна каршы вакциналар менен бекер камсыз кылуу боюнча мындан аркы кызматташтык талкууланды. Ошондой эле Кытай мамлекетине этти экспорттоо үчүн Кыргызстандын аймагында 100 миң бодо малга ферма куруу пландары каралды.

Чжан Шивэй өзүнүн компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, компания Кытайда гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштеп жаткандыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрдин орун басары кытай тарап белгилеген маселелер боюнча министрлик жардам берүүгө жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий