• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги: Мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү тууралуу маалымат

Экономика 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2021-жылы республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 428,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 8391 тоннага, же 2 пайызга көбүрөөк.

Министрликтен белгилешкендей, эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу болууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35,0 миң башка көбөйүп 1715,7 түздү, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп 6278,7 башты түздү, жылкынын саны 17,0 миң башка көбөйүп 539,6 миң башты түздү, ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып 29,4 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып 6070,4 миң башты түздү.

Ошондой эле 2021-жылдын январь-декабрь айларында республика боюнча 1698,9 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 30,9 миң тоннага, же болбосо 1,9 пайызга көбүрөөк болду дегенди билдирет.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны республика боюнча 19,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан мурдагы жыл менен салыштырмалуу 3,2 кг көбөйүшү менен байланыштуу (2006,1 кг-2009,3 кг).

Ошондой эле өткөн жылы 564 миң 178 миң даана жумуртка өндүрүлүп, же өткөн жыл менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 2125 миң даанага көбөйүп, 100,4 пайызды түздү.

2021-жылдын январь-декабрь айларында жумуртка өндүрүү мурдагы жыл менен салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда 87,8 пайызга төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий