• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги муз алдынан балык уулоо боюнча мелдеш өткөрдү. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-январында Төмөнкү-Ала-Арча III суу сактагычында балык уулоо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган министрлик, Балык чарба департаменти жана Чүй-Бишкек мергенчилер коомдук бирикмеси биргеликте балык уулоо боюнча мелдеш уюштурушту.

Иш-чаранын максаты, жарандарды сергек жашоого үндөө менен Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү.

«Бул жылы мелдешке 23 балыкчы катышты. Аба ырайынын сууктугуна карабай мелдеш көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Мындан ары мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп турууга аракет кылабыз », - деп билдиришти Чүй-Бишкек мергенчилер коомдук бирикмесинин уюштуруучулары.

Министрликтин берген маалыматына караганда, республикада спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Учурда Балык чарба департаменти балык чарбасын жайылтуу максатында, осман жана форель балыктарын өстүрүүнү каалагандарга атайын карталарды чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий