• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги: Органикалык өсүмдүктөр 7785 гектар жерге айдалды

Коом 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Бүгүнкү күндө 7785 гектар жерге органикалык өсүмдүктөр өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев парламенттин жыйынанда билдирди.

Анын айтымында, кара өрүк, Баткен өрүгү, пахта, дары чөптөр органикалык жактан таза делип, экспорттолуп жаткандыгы белгилүү. Ошол эле маалда Кыргызстандагы малдын эти антибиотиктер колдонулгандыктан, органикалык продукцияга кирбейт.

Чиновниктин пикиринде, өлкөдөгү малдын этин толугу менен органикалык продукцияга киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоору органикалык айыл чарба азыгын өндүрүүнүн, анын сертификатынын, укуктук негиздеринин органикалык айыл чарба азыгынын ички рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарын түзүү максатында органикалык айыл чарба азыгын өндүрүү чөйрөсүндө пайда болгон мамилелерди жөнгө салууну аныктоого, элдин органикалык айыл чарба азыгына болгон керектөөсүн канааттандырууга, ошондой эле, анын экспортун жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий