• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги сууга чөгүп кеткен баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналындагы сууну кое берди

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Кечээ, 17-июлда Айыл-чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги менен Чоң Чүй каналындагы сууну издөө иштери жүрүп жатканда көлөмүн азайтып туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Суунун көлөмүн азайтуу үчүн аны токтотуу 17-июль күнү түндө жүргүзүлдү. Бүгүн саат 07:00дөн баштап 6 жаштагы П.М. аттуу баланы издөө күчөтүлгөн режимде башталды. Ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын башкармалыгынан, Чүй облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан, куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан куткаруучу бригадалар тартылды. Жалпысынан 70 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 13-июлда Ленская көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу бала чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий