• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл чарба министрлиги тирүү малды экспорттоого тыюу салууну сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салууну сунуштады.

Министрлик өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу максатында айыл чарба продукциясынын бааларына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү жана социалдык жактан маанилүү товарларды экспорттоого тыюу салууну сунуштайт.

“Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү маанилүү. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар”, - дейт айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

Айыл чарба продукцияларынын тизмеси:

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

1.

Тирүү жылкы

0101

2.

Ири мүйүздүү тирүү мал

0102

3.

Тирүү койлор жана эчкилер

0104

4

Тирүү үй канаттуулары: тооктор (Gallus domesticus), өрдөктөр, каздар, күрптөр жана куштар

0105

4.

Буудай жана меслин

1001

5.

Арпа

1003

6.

Жүгөрү

1005

7.

Күрүч

1006

8.

Буудай уну

1101 00

9.

Өсүмдүк майы

1512 ден

10.

Кумшекер

1701 99

11.

Тоок жумурткасы

0407 11 000 0,

0407 21 000 0

12.

Йоддолгон туз

2501 00 91

13.

Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми

1214 90 900 0,

2302 ден

Тыюу салуу тиешелүү жарлыкка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий