• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сүт өндүрүүнүн көлөмү өстү

Экономика 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-август айында республика боюнча 1181,2 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1 миң тоннага, же 2,1%га көбүрөөк.

"Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалды. Жалпысынан республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 13,7 миң башка жана 1 уйдан саалган сүттүн орточо 3,5 кг көбөйүшүнө байланыштуу. Эң жогорку сүттүү уйлар Чүй облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо сүт отчеттук мезгилде 1982,6 кг түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 4,2 кг көбүрөк", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, сүтү аз уйлар Баткен облусунун чарбаларында байкалган, ал жерде 1 уйдан саалган орточо сүт отчеттук мезгилде 956,6 кг түзүп, бул көрсөткүч республиканын орточо көрсөткүчтөн 389,1 кг төмөн болууда.

Пикир

Оставить комментарий