• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министрлигинде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда КР Айыл чарба министрлигинин 2021-жылдын 9 ай ичиндеги жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коллегияга министр Аскарбек Жаныбеков, коллегия мүчөлөрү, башкармалыктын жетекчилери, орун басарлары, башкармалыктын жетекчилери жана айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча облустук башкармалыктын жетекчилери катышты.

Иш-чарада министр А.Жаныбеков орун басарларына жана ведомство жетекчилерине, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Алар:

-Үрөн чарбаларынын шайкештигин текшерүү жана аларга анализ жүргүзүү.

- 1 айлык мөөнөттө скважиналарга инвентаризация жүргүзүү, капиталдык оңдоого керектелүүчү каражаттардын көлөмүн аныктоо жана тиешелүү эсептөөлөр менен сунуштарды берүү.

- Дыйкандарды кеч күзгө чейин сугат суу менен камсыз кылуу, сугат суу үчүн төлөмдөрдү электрондук форматка өткөрүү.

- Импорттук минералдык жер семирткичтерди жана гербициддерди чек арадан өткөрүүгө көзөмөлдү күчөтүү ж.б.

Пикир

Оставить комментарий