• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлигинде асыл тукум мал жандыктарын асылдандыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. 2021-жылы 3-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков "Хунланд-Евразия" ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эт багытындагы, ошондой эле асыл тукум мал жандыктарын асылдандыруу менен пилоттук аянчаларды ишке киргизүү жана Венгриянын экспорттук-импорттук банкынын каржылоосу менен мал жандыктарын тоют менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий