• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлигинде кармалган орун басарлар боюнча комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков комиссия түзүү боюнча буйрукка кол койду, ал учурда министрдин орун басары Илич Марсбек уулунун кармалышы боюнча фактыларды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай буйрук КР Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында чыгарылды.

“Азыркы учурда комиссия ишке байланыштуу бардык жагдайларды иликтеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан мурда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылы 26-октябрда КР айыл чарба министринин учурдагы орун басары “М.И.” жана мурдагы орун басары “И.А.С.” кармалып, камакка алынганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий