• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айыл чарба министрлигинде кызматкерлердин бирине берилген маалымкат боюнча комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин экспорт боюнча бөлүм башчысы Анаркүл Беккулиевага Кытайга эл аралык көргөзмөгө барып келиши үчүн айыл чарба министринин орун басары наамына тең деген маалымат берилген. Бул окуя боюнча министрликте комиссия түзүлгөн.

"Кабар" агенттигине министрликтин басма сөз кызматы билдиришкендей, алар мамлекеттик орган катары бул жагдайга көз жумуп кое албайт.

"Бул ишти териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Анын ишинин жыйынтыгы менен расмий билдирүү жасалат", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, кечээ аталган маалымкаттын сүрөтү социалдык тармактарга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий