• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министрлигинин бирдиктүү мамлекеттик реестринде 7 товардык кампа бар

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин бирдиктүү мамлекеттик реестринде айыл чарба продукцияларын сактоо боюнча 7 товардык кампа бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы боюнча көз карандысыз эксперт Алмазбек Каракожаев билдирди.

Анын айтымында, кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо кампанын атынан түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде катталат.

Ошентип, бүгүнкү кундө реестрге төмөнкү кампалар киргизилген:

- Бишкек шаарында – "Бай Элим Компани", "Интарс", "ВиГ" ЖЧКлары;

- Чүй облусунда – "Экопродукт Азия", "Агропродукт Азия" ЖЧКлары;

- Нарын облусунда - "Семенной картофель" ЖЧК;

- Талас облусунда- "Досбай-Ата" айыл чарба кооперативи.

Пикир

Оставить комментарий