• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Баткенге бир күндүк эмгек акысын которот

Коом 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына бир күндүк эмгек акыны которуп берүүнү чечти.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын 120 миңден ашык тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 59 кыргызстандык жабыркап, Достук айылынын 15 жаштагы Э.М. аттуу тургуну набыт болду.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну токтотууну макулдашты.

Макулдашуудан кийин кыргыз тарап ок атууну токтотту, бирок тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарган. Саат 18:30га карата жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий