• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Айыл чарба техникалары жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүдө айтылгандай, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ААКсы аркылуу 6 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын лизингке берүү ишке ашып жатат. Министрлик банк аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 4444,5 млн сомго 3045 даана техника лизинг аркылуу дыйкандарга берилди. Анын ичинен 2154 трактор, 126 комбайндар, 15 кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуучу жабдуулар, 144 атайын техникалар, 592 айыл чарба шаймандарын түзөт.

Ал эми 2020-жылдын 14-апрелине карата дыйкандарга 330,7 млн. сомго 107 даана техника лизингге берилди. Бүгүнкү күнгө карата дыйкандардан техника сатып алуу боюнча дагы 50 заявка алынып, техникалар жөнөтүлүп жатат.

Азыркы мезгилдеги өлкөдөгү түзүлгөн өзгөчө абалга байланыштуу Министрликтин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо Департаменти учурда кызуу жүрүп жаткан жазгы айыл чарба талаачылык жумуштарын өз убагында жана үзгүлтүксүз аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук агрардык башкармалыктары менен биргеликте иш алып барып жатат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына облустардын борборлорунда, шаарларында жана башка калктуу айылдарындагы базарларда жайгашкан айыл чарба машиналарынын, трактордук запастык бөлүктөрдү жана ремонттук материалдарды сатуучу дүкөн-контейнерлердин өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө жана жазгы өнөктүк учурунда башка региондордон жардамга келген айыл чарба техникаларынын бир аймактан башка аймакка которулуп иштешине жана облустардын ичинде автожолдордон тоскоолдуксуз өтүшүнө шарттар түзүлдү. Жыйынтыгында аймактарда айыл чарба техникалары талаачылык жумуштарын аткаруусуна тоскоолдуктар жаралган жок.

Ар түрдүү айыл чарба техникаларын жана аларга запастык бөлүктөрдү сатуучу “Автомаш-Радиатор”, “Аталык Групп”, “К.О. Стандарт Агросервис”, “Евразия Групп КГЗ”, “Агротүрк” жана “Уралец” ишканалары дыйкандардын заказдары менен толук кандуу иштегендиктен техникаларды, запастык бөлүктөрдү сатуу токтогон жок жана сервистик бригадалар аймактарга чыгып, айыл чарба техникаларына гарантиялык сервистик кызмат көрсөтүү жана запастык тетиктерди жеткирүү иштери жүрүп жатат. Сервистик-техникалык топтордун жер-жерлерге барып тоскоолдуксуз иштеши үчүн уруксат кагаздары (пропуск) алынып берилген.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык жактан камсыздоо Департаментин сунуштары менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ар бир райондогу запастык бөлүктөрдү сатуучу дүкөн-соода точкаларынын иштешине шарттар түзүлүп, уруксат берилип, республика боюнча 80 ашык запастык бөлүк саткан дүкөндөр иштеп жатат. Мындан сырткары Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында дыйкандардан түшкөн заказдардын негизинде Бишкек шаарындагы запастык бөлүктөрдү дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен бирдикте облустарга запастык бөлүктөрдү жеткирүү уюштурулуду. Ал эми түштүк аймактарындагы чакан соода точкалары запастык бөлүктөрдү Ош жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бизнес-соода кампаларынан алышууда.

Жеринде иштеп жаткан чакан соода точкаларын запастык бөлүктөр менен камсыздоо максатында жана дыйкандардан түшүп жаткан өтүнүчтөрдүн негизинде Бишкек шаарындагы “Кудайберген” базарында жайгашкан айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн сатуучу контейнерлерди өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө уруксат берүүгө Министрлик тарабынан берилген сунуштун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 13-апрелде базардын ичиндеги айыл чарба машиналарынын жана тракторлордун запастык бөлүктөрүн сатуучу соода точкалары ачылды. Азыркы учурда Бишкек шаарынын комендатурасы жана базардык администрациясы менен соода точкаларынын иштөөсүн уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий