• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө 540,9 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө 540,9 млн сом бөлүндү, - деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучусу Артём Новиков кол койду. Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 540,9 миллион сом суммасында финансылык каражаттарды Айыл Банк аркылуу жылдык 9% менен, 7 жылга чейинки мөөнөткө, негизги сумманы жылына 2 жолу төлөп берүү мүмкүнчүлүгү менен берилет.

"Бул мүмкүнчүлүк республиканын машина-трактор паркын жаңыртууга жана агрардык сектордун техникалык потенциалын жогорулатууга ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жана айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Министрликтин сунушу Өкмөт тарабынан колдоого алынып, фермерлер жабдууларды сапаттуу жаңыртып, керектүүлөрүн сатып ала тургандыгына кубанып турам”, - деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

Пикир

Оставить комментарий