• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МСК: Айыл чарба жерлерин пайдалангандар үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотулду

Экономика 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыкты төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Алсак, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындыгы токтомуна ылайык, 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленди.

Чечим КР президентинин "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий