• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Орто-Токой суу сактагычына 900 миң чабак кое берилди

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-16-мартында Балык чарба департаментинин адистери "Орто-Токой ынтымагы" ЖЧКсынын өкүлдөрү, КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кызматкерлери менен биргеликте жана Нарын облусунун Кочкор районунун акими, Ак-Өлөң айылдык өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда Орто-Токой суу сактагычын балыктандыруу боюнча иш-чара өткөрүлдү.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, суу сактагычка жалпысынан 900 миң сиг-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Чабактар Тоң балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехинде өстүрүлгөн, орточо салмагы 150-200 мг түзөт.

Белгилей кетсек, суу сактагычты балыктандырууну КРнын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти тарабынан суу сактагычты пайдалануу боюнча өткөрүлгөн ачык сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган "Орто-Токой ынтымагы" ЖЧКсы менен биргеликте жүргүзүлгөн. 10 жылга түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, коом жыл сайын суу сактагычты балык запастары менен камдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, браконьерлерден коргоого, спорттук-ышкыбоздук балык уулоону өнүктүрүүгө жана калкты балык продуктылары менен камсыз кылуу үчүн өндүрүштүк балык уулоо менен алектенүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий