• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыянын көпчүлүк бөлүгү Жалал-Абад облусунда берилди – Финмин

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыянын көпчүлүк бөлүгү Жалал-Абад облусунда берилди. Бул тууралуу “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын колдоого багытталган мындан аркы чаралар тууралуу” аталышындагы маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Жумгалбек Сагынов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 829 субъект үчүн 302 375,7 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.

“Экинчи орунда Чүй облусу турат, ал жакта 294 532,9 млн сом бөлүндү. Андан кийин Ош облусу – 184 867 млн сом, Нарын облусу – 141 810 млн сом, Ысык-Көл облусу – 139 723 млн сом, Талас облусу – 106 279,6 млн сом, Баткен облусу – 69 653 млн сом”,-деди ал.

Жалпысынан 3 миң 373 субъект насыя алды.

Пикир

Оставить комментарий