• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 4,6 млрд сомго 8 256 насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 2022-жылдын 25-ноябрына карата 4 млрд 677 млн 551 миң сомго 8 миң 256 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 197 млн 67 миң сомго 2 миң 923 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК 558 млн 772 миң сомго 1 миң 169 насыя;
– “РСК Банк” ААК 513 млн 876 миң сомго 1 миң 306 насыя;
– “КИКБ” ЖАК 75 млн сомго 206 насыя;
– “Капитал Банк” ААК 16665,0 миң сомго 85 насыя;
– “КБ Кыргызстан” ААК 34 млн 60 миң сомго 157 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 433 млн 8 миң сомго 4 миң 991 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК 1 млрд 140 млн сомго 1 миң 976 насыя;
– “РСК Банк” ААК 1 млрд 29 млн 500 миң сомго 2 миң 267 насыя;
– “КИКБ” ЖАК 150 млн сомго 297 насыя;
– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 16 млн 800 миң сомго 8 насыя;
– “Капитал Банк” ААК 35 млн 550 миң сомго 196 насыя;
– “КБ Кыргызстан” ААК 61 млн 158 миң сомго 247 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 47 млн 476 миң сомго 342 насыя берилди анын ичинен банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК 532 млн 911 миң сомго 177 насыя;
– “РСК Банк” ААК 387 млн 420 миң сомго 124 насыя;
– “КИКБ” ЖАК 66 млн 600 миң сомго 18 насыя;
– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6 млн сомго 1 насыя;
– “Капитал Банк” ААК 14 млн сомго 10 насыя;
– “КБ Кыргызстан” ААК 40 млн 545 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий