• 82
  • 84.48
  • 1.35

“Айыл чарбасын каржылоо – 10”: Жалпы 3,8 млрд сомго 7,4 миң насыя берилди

580 кароо Экономика 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. 24-июнга карата Айыл чарба министрлигинин “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында жалпы 3,8 млрд сомго 7,4 миң насы берилди. Бул тууралуу. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 1 млрд 82 млн 959 миң сомго 2 миң 673 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 507 млн 744 миң сомго 1 103 насыя;

– “РСК Банк” ААК 448 млн 650 миң сомго 1 144 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 76 млн 585 миң сомго 207 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 13 млн 180 миң сомго 65 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 36 млн 800 миң сомго 154 насыя.

2. “Мал чарбачылык” категориясы боюнча жалпы 2 млрд 238 млн 147 миң сомго 4 миң 543 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1 млрд 94 млн 327 миң сомго 1 миң 898 насыя;

– “РСК Банк” ААК 898 млн 750 миң сомго 1 миң 954 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 148 млн 235 миң сомго 294 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 14 млн сомго 4 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 33 млн 205 миң сомго 180 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 49 млн 630 миң сомго 213 насыя.

3. “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” категориясы боюнча жалпы 575 млн 550 миң сомго 201 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 289 млн 165 миң сомго 106 насыя;

– “РСК Банк” ААК 182 млн 140 миң сомго 66 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 61 млн 500 миң сомго 14 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 7 млн сомго 5 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 35 млн 745 миң сомго 10 насыя.

Белгиленгендей, жалпы жогорудагы үч категория боюнча 3 млрд 896 млн 656 миң сомго 7 миң 417 насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий