• 84.45
  • 88.96
  • 1.37

"Айыл чарбасын каржылоо – 10": Жалпы 4,4 млрд сом насыя берилди

532 кароо Экономика 0

Бишкек, 21.09.22./Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоорунун алкагында дыйкандарга жалпы 4 млрд 407 млн 764 миң сомго 8 миң 23 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алсак өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 144 млн 527 миң сомго 2 миң 820 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 537 млн 552 миң сомго 1 миң 148 насыя;

– “РСК Банк” ААК 481 млн 840 миң сомго 1 миң 228 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 75 млн сомго 206 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 16 млн 75 миң сомго 81 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 34 млн 060 миң сомго 157 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 402 млн 476 миң сомго 4 миң 919 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1 млрд 140 млн миң сомго 1 миң 976 насыя;

– “РСК Банк” ААК 1 млрд 2 млн сомго 2 миң 204 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 150 млн сомго 297 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 14 млн 700 миң сомго 5 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 35 млн 450 миң сомго 195 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 59 млн 708 миң сомго 242 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 860 млн 761 миң сомго 284 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 433 млн 610 миң сомго 145 насыя;

– “РСК Банк” ААК 303 млн 106 миң сомго 102 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 66 млн сомго 17 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6 млн 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 11 млн 500 миң сомго 7 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 40 млн 545 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий