• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Айыл чарбасын каржылоо-7" мамлекеттик программанын алкагында 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо-7" мамлекеттик программанын алкагында 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилип, жалпы суммасы 5,2 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетунда айтылды.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин берген маалыматына ылайык, өкмөттүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасынын алкагындагы иштер 95 пайыздын тегерегинде аткарылган. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга жогору дегенди билдирет. Ал эми жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жалпыланган көрсөткүчү 86,2 пайызды түзүп, 0,7 пайызга көбөйгөн.

2019-жылы ИДПнын көлөмү 590 млрд сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 пайызга жетти. Өлкө экономикасынын бардык тармактарында өсүү байкалып, анын ичинде айыл чарба тармагында 2,6 пайыз, курулуш тармагында 10,6 пайыз, кызмат көрсөтүүлөр боюнча 2,9 өсүш байкалган.

Дыйкандарга 824 милллион сомго 341 даана техника лизинг катары берилди. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларына салык 80%га төмөндөтүлдү. Былтыр 3 чоң соода логистикалык борбору, 7 жашылча жемиш сакталуучу жай, 28 күнөскана, 7 айыл чарба кооперативи, 19 МТС, 8 мал союучу жай ачылды. Курулуш көлөмү 172 млрд сомду түзүп, республикалык бюджеттен 110 объект каржыланган.

Ошондой эле экспорттун жалпы суммасы дээрлик 2 млрд долларга жакын болуп, өсүү 7%га жеткен. Ал эми импорт 4,9 пайызды көрсөтүп, 7,3 пайызга азайды. Түз инвестициялардын агымы 876 млн долларга жетип, 2,9 пайызга өскөнү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий