• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Айыл-чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында 4 млрд 582,3 млн сом насыя берилген

Экономика 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. 13-августка карата "Айыл-чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында 9 миң 71 чарбалык субъектке 4 млрд 582,3 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор боюнча насыялар "Айыл Банк", "РСК Банк" жана башка коммерциялык банктар аркылуу берилүүдө.

"Дыйканчылык боюнча 1 миң 240 субъектке, мал чарбасына 7 миң 620 субъектке, "Кластер" программасы боюнча 92 субъектке, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 98 субъектке, унду кайра иштетүүгө 11 субъектке жеңилдетилген насыялар берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий