• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында жалпы 6,2 млрд сом каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 2020-жылга атамекендик айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, өкмөт тарабынан 1 млрд 250 млн сом көлүмүндө каражат каралды. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдиргенин, ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Анын айтымында, 1 млрд сом эки мамлекеттик банкка – РСК менен "Айыл Банкка" 500 млн сомдон жеңилдетилген насыя катары бөлүнүп берилет. Ал эми 250 млн сом субсидиялык каражат болуп саналат.

"Аны менен бирге, эки мамлекеттик банк өз эсебинен 300 млн сом кароого тийиш. Ал эми долбоор боюнча каралган жалпы каражат – 6,2 млрд сом", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында КР өкмөтү тарабынан 2013-жылдан бери "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору ишке ашырылып келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий