• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Айыл чарбасын каржылоо - 9” долбоорунун алкагында 4,8 млрд сомго жеңилдетилген насыялар берилди

Экономика 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. “Айыл чарбасын каржылоо - 9” долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан 4 млрд 881,8 млн сомго 9 миң 606 жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, экономиканы жеңилдетилген кредиттөө боюнча колдоо инструменттерин кеңири колдонуу банк секторун стимулдаштырууга мүмкүндүк берди.

“Натыйжада экономикага насыя 6,9%га көбөйдү. Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 2021-жылдын 31-майына карата 171,4 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 5,4 %га көбөйдү”, - дейт ал.

Иманалиев кошумчалагандай, жеке адамдардын которуу системасы аркылуу жүзөгө ашырылган акча которууларынын көлөмү 2021-жылдын январь-майында 986,3 млн АКШ долларын түзгөн. Ал 2020-жылдын ушул мезгилинин деңгээлинен 41%га жогору, анда жалпы агымынын 97,6%ы Россия Федерациясына туура келет.

“2021-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 105,5%ды түздү, бирок жыл башынан бери терс динамика сакталып турат. ИДПнын реалдуу өсүү темпи 98,3%ды түздү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 37,7 млрд сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий