• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн

Өкмөт 0

Бишкек, 13.08.18./Кабар/. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасы – агрардык өлкө, элдин көбү айылда жашашат. Ошондуктан дыйкан жана фермерлик чарбаларга көбүрөөк жардам беребиз. Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында аймактардагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашык каражат бөлгөнү – туура чечим», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турган убакта ирригация тармагында ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча зарыл долбоорлор иштелип чыккан.

«Натыйжасында 5 жылдын ичинде эле 26 миң га жер суу менен камсыздалып, ирригациялык инфратүзүм жана бир катар каналдар модернизацияланат. Айыл чарбасын колдоонун маанилүү элементтери – МТСтерди, логистикалык борборлорду жана айыл чарба кооперативдерин пайдадан алынуучу салыктан, айыл чарба продукцияларын экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу болуп саналат», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий