• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору башталгандан тарта 54 млрд сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору башталгандан бери 126 миң 430 чарбалык субъектилерге 54,27 млрд сом суммасында кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- "Мал чарбачылык" тармагы боюнча 100 миң 303 субъектке 34,96 млрд сом;

- "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 23 миң 658 жаранга 8,46 млрд сом;

- "Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү" тармагы боюнча 2 миң 469 жаранга 10,85 млрд сом.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата бул долбоордун алкагында республиканын 5 миң 636 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2 млрд 540,3 млн сом өчөмүндө жеңилдетилген насыя берилген. Долбоорча насыялар "РСК банк" жана "Аыл банк" аркылуу берилүүдө. Кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий