• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарбасындагы көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүүсүнө масштабдык программалардын ишке ашырылышы өбөлгө түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. «Айыл чарба тармагындагы көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан масштабдык программалардын ишке ашырылышы өбөлгө түздү. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасындагы ИДП көлөмү 102,4% түздү: мал чарбачылыгы – 102%, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 102,9% түзгөн» - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө.

Өкмөт башчы маалымдагандай, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында 29 млрд сом суммасындагы кредит берилген, ал эми машина-трактордук паркты жаңыртуу үчүн жеңилдетилген шартта лизинг берүү программасы боюнча фермерлерге 3,1 млрд. сомдук 535 даана техника берилген.

«Айыл чарбасын каржылоо-7» программасына 984,9 млн сом, экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн жалпысынан 4 млрд сом каралган. Ошондой эле 2019-жылдан тарта биз 102,5 млн сомду жеңилдетилген шарттар менен оруп-жыюу техникаларын лизингге берүүгө бөлүп бердик», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле келечекте өлкөбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден башка да коңшу мамлекеттерге экспорттоло турганын айтып берди.

«Белгилей кетсем, “Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилген. Эгерде парламент аны колдосо, анда 2019-жылдан тарта каржылоону баштайбыз. Буга 2019-жылдын бюджетине 107 млн сом каралды. 2022-жылга чейин мунун суммасын 555 млн сомго жеткирүү пландаштырылып жатат», - деди ал.

Премьер-министр ошондой эле билдиргендей, учурда багбанчылыкка, үрөн жана асыл тукум чарбаларга, кайра иштетүү тармагына, айыл чарба кооперативдерине насыянын мөөнөтүн 36 айдан 60 айга чейин узартуу жагы каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий