• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө жемиш өстүрүү боюнча тренингдер өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө жемиш өстүрүүчү жана отургузуучу материалдарын өстүрүү боюнча тренингдер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында жемиш өстүрүүчү жана сапаттуу отургузуучу материалдарын өстүрүү боюнча үч күндүк тренингдер өткөрүлүүдө.

Тренингдердин катышуучулары Токтогул районунун Бел-Алды, Жаңы-Жол, Ничке-Сай, Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнүн, Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн, Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү.

Окутуунун негизги максаты – мөмө-жемиш бакчаларын түзүү, күнөсканаларда сапаттуу отургузуучу материалдарын өстүрүү тармагында айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу.

Эки күндүн ичинде тренерлер күнөсканаларда жана питомниктерде отургузуучу материалдарын өстүрүү практикалары тууралуу, мөмө-жемиш бакчаларын түзүү жана аларды багуу, мөмө-жемиш бакчалардын продукциясын чогултуу, сактоо жана сатуу тууралуу, зыянкечтер менен күрөшүү ыкмалары менен тааныштырып кетет.

Пикир

Оставить комментарий