• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл, суу чарба министри иш сапары менен Ош облусунда болду

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-7-июль күндөрү айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков жумушчу сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр жана министрликтин тиешелүү кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун Папан айыл аймагынын Папан суу сактагычынын абалы менен жеринен таанышып, дыйкандар менен жолугуп сугат суусунун бөлүштүрүлүшү боюнча пикир алышты.

Мындан сырткары, Жоош айыл аймагынын Калинин айылындагы Мамлекеттик сорт сыноо станциясынан кабар алып, үрөн боюнча маселелерди жеринен талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий