• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл, суу чарба министри Жаныбеков Египеттин элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 13-августта, Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Элсайед Йехиа Элшиннавини кабыл алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Элчи Египет айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын (мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк ж.б.) белгилеп, бул тармактарда кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Министрлик продукцияны (картошка, апельсин, мандариндер, анар жемиштерин) импорттоого жана балчылык, балык уулоо жаатында кызматташууга кызыктар экенин билдирди. Министр ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү багыттардын бири органикалык продукцияны өндүрүү экенин баса белгилеп, көп өндүрүлгөн продукцияларды: сүт, сүт азыктары, картошка жана башка жашылчаларды тизмектеди.

Египеттин элчиси жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий